Коронавирус. 1 330 адамдан аныкталып, 11 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 12-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 330 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде

Бишкек шаарында – 890,
Ош шаарында – 18,
Чүй облусунда – 116,
Ош облусунда – 41,
Талас облусунда – 15,
Нарын облусунда – 23,
Ысык-Көл облусунда – 46,
Жалал-Абад облусунда – 71,
Баткен облусунда – 110 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 763 адам илдеттен сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 2, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 694 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 240 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 920 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 154 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 140 мин 978 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 118 миң 711 киши айыгып чыкса, 2 миң 113 адам каза болду.