Коом

Коронавирус. 1292 адамдан табылып, дагы 10 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 13-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 292 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 720,
Ош шаарында – 38,
Чүй облусунда – 196,
Ош облусунда – 31,
Талас облусунда – 16,
Нарын облусунда – 23,
Ысык-Көл облусунда – 49,
Жалал-Абад облусунда – 101,
Баткен облусунда – 118 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 923 адам илдеттен сакайды, — дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7, Чүй облусунда бир, Ош облусунда бир, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 587 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 702 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 36 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 956 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 76 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 142 миң 270 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 119 миң 694 киши айыгып чыкса, 2 миң 123 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button