Кытайда мейманкана урап, тогуз адам каза болду

Кытайдын Сучжоу шаарында мейманкана урап, кеминде сегиз киши көз жумду, он чакты адамдын дайыны белгисиз. Аларды издеп, куткаруу иштерине атайын техника, иттер тартылды.

Бийликтин маалыматына караганда 12-июль күнү мейманкана күтүлбөгөн жерден урап калган. Ага эмне себеп болгону белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

15тей адам ооруканага жеткирилгени кабарланды. Өлкө чыгышындагы Жиаңсу провинциясынын бийлиги башка мейманканалардын коопсуздугун текшерүүнү буйруду.