Коронавирус. 1398 адамдан табылып, дагы 10 бейтап көз жумду
Кыргызстанда 14-июлга карата коронавирус дагы 1398 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде
Бишкек шаарында – 773,
Ош шаарында – 67,
Чүй облусунда – 177,
Ош облусунда – 73,
Талас облусунда – 11,
Нарын облусунда – 15,
Ысык-Көл облусунда – 52,
Жалал-Абад облусунда – 111,
Баткен облусунда – 119 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 1 миң 37 адам илдеттен сакайды, — дейт ал.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ош облусунда бир, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 675 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 952 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 56 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 218 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 143 миң 668 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 120 миң 731 киши айыгып чыкса, 2 миң 133 адам каза болду.