Коронавирус. Акыркы суткада Кыргызстанда 1290 адамдан табылып, 10 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 15-июлга карата коронавирус дагы 1290 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 726,
Ош шаарында – 53,
Чүй облусунда – 176,
Ош облусунда – 72,
Талас облусунда – 19,
Нарын облусунда – 18,
Ысык-Көл облусунда – 56,
Жалал-Абад облусунда – 55,
Баткен облусунда – 115 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 1 миң 29 адам илдеттен сакайды, – дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4813 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 57 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 40 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 52 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 257 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 144 миң 958 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 121 миң 760 киши айыгып чыкса, 2 миң 143 адам каза болду.