Коом
Коронавирус. 1334 адамдан аныкталып, дагы 11 бейтап каза тапты
Бир сутка ичинде 1 334 адамдан коронавирус аныкталып, 1 163 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Аймактар боюнча алганда жуктургандар:
- Бишкек – 702;
- Ош шаары – 47;
- Чүй облусу – 228;
- Ош облусу – 67;
- Талас облусу – 20;
- Нарын облусу – 24;
- Ысык-Көл облусу – 49;
- Жалал-Абад облусу – 79;
- Баткен облусу – 118.
Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 146 292 кишиден табылып, 122 923 адам илдетти жеңди.
Кечээтен бери коронавирус 11 адамдын өмүрүн алган. Өлүм учурунун алтоо Бишкекте катталса, Таласта эки киши, Жалал-Абадда бир, Ысык-Көлдө бир, Чүйдө бир бейтап каза тапкан. Буларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 2 154 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Бүгүнкү күндө стационарда 4 863 адам коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 216 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери 33 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.