Кыргызстанда COVID-19 1 миң 287 адамдан табылып, 11 бейтап каза тапты. Соңку маалымат

Кыргызстанда 19-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 287 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 917, Ош шаарында – 19, Чүй облусунда – 96, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 48, Жалал-Абад облусунда – 48, Баткен облусунда – 117 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 1 миң 289 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 856, Ош шаарында – 89, Чүй облусунда – 158, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 56, Баткен облусунда – 98 бейтап айыгып чыкты”, – дейт айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 704 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 353 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 23 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 189 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 409 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 150 миң 316 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 126 миң 450 киши айыгып чыкса, 2 миң 186 адам каза болду.