Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен өспүрүмдөрдүн сөөгү табылды. ФОТО

Чүйдүн Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен 14 жана 15 жаштагы кыздар менен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Кыздар кечээ кечке жуук Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы №3 суу сактагычка чөгүп кеткен. Бирөөнүн сөөгүн куткаруучулар барганга чейин эс алып жүргөн адамдар суудан чыгарышкан. Экинчи кызды ӨКМ кызматкерлери таап, милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле күнү аталган райондун Аламүдүн айылындагы Кыргызстан жаңы конушунда жайгашкан суу сактагычка М.И.С аттуу бала түшүп кеткен. Анын сөөгүн суудан жергиликтүү жашоочулар алып чыккан.