Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон коронавируска каршы төрт вакцина өткөрүлгөн

Кыргызстанда мамлекеттик каттоодон коронавируска каршы төрт вакцина өткөрүлгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин фармакологиялык көзөмөл секторунун башчысы Жылдыз Жумагулова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, “Гам-КОВИД-Вак” – (“Спутник V”), “Спутник Лайт” – вектордук, “Конвидеция” жана гуманитардык жардамдын негизинде COVID-19га каршы China National Biotec Group (CNBG), Sinopharm тарабынан иштелип чыккан инактивдүү BIBP вакцинасы каттоодон өткөн.

Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү жана медициналык колдонуу төмөнкүлөргө ылайык жүргүзүлөт:

– Мамлекеттик каттоодон өтүшү;
– Каттоосуз киргизүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген атайын дары-дармектердин тизмесинде болушу (бүгүнкү күндө COVID-19га каршы вакциналар аталган тизмеге киргизилген);
– өзгөчө кырдаалдар убагында гуманитардык жардамдын негизинде алып келинген, ошондой эле өлкө-өндүрүүчүдө же донор-өлкөдө каттодон өткөн болсо.