Коронавирус. 897 адамдан аныкталып, дагы 9 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 2-августка карата коронавирус дагы 897 адамдан аныкталып, дагы 9 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 619,
Ош шаарында — 9,
Чүй облусунда — 66,
Ош облусунда — 6,
Талас облусунда — 8,
Нарын облусунда — 14,
Ысык-Көл облусунда — 54,
Жалал-Абад облусунда — 66,
Баткен облусунда — 55 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 1 миң 316 адам илдеттен сакайды”, — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор: Бишкекте 5, Чүй облусунда 3, Ош облусунда бир бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 779 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 913 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 502 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 894 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 164 миң 743 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 147 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 344 адам каза болду.



