Жапаров Бердымухамедов менен жолугуп газ, электр энергиясын алуу боюнча сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнбашы шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык байланыштар, Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газы менен электр энергиясын импорттоо, туризмди өнүктүрүү жана башка маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле Жапаровдун Ашхабадга болгон расмий сапарында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы талкууланды.

Ал эми Бердымухамедов кылдат, натыйжалуу жолугушуулар менен сүйлөшүүлөр кызматташуунун келечектүү багыттары мерчемделген расмий сапардын жыйынтыгын канааттануу менен белгилегени айтылды.

Соңунда эки өлкөнүн лидерлери мындан ары өз ара кызматташуу боюнча биргелешкен пландарды белгилеп, ар кыл тармакта кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин билдиришти.