Коом

Жалал-Абадда аскер кызматкерлери эмделгенден кийин терс таасири байкалып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды

Жалал-Абад облусунда коронавируска каршы «Astra Zeneca» менен эмделгенден кийин терс таасир байкалган факт катталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 6-августта билдирди.

5-августта Ала-Букадагы аскер бөлүктөгү аскер кызматкери COVID-19 вирусуна каршы «Astra Zeneca» менен эмдөөдөн өткөн. Бул вакцинадан облуска 4000 доза бөлүнүп, 211 жаран эмделген.

Аталган аскер бөлүктөн 90 адам эмделсе, алардын ичинен ABX 3117 сериясы менен эмдөөдөн өткөн төртөөндө терс таасирлер — баш оору, дене табынын 39 градуска чейин жогорулаганы байкалган. Ал эми 40 аскер кызматкеринде субфебрилдик дене табы байкалды. Буга байланыштуу 44 аскер кызматкерин медицина кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат. Учурда алардын баарынын абалы туруктуу.

Облуска саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орну басары Жалалидин Рахматулаев жана адистер жөнөп кетишти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button