Без рубрикиКоом

Июлда медиктерге кенемте төлөөнүн жалпы суммасы 255,2 млн сомду түздү

Июль айында кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине жалпы суммасы 255 млн 234 миң 855 сомдук кенемте төлөөндү. Бул тууралуу брифинг учурунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Өскөмбаева билдиргендей, июлда медициналык жардам көрсөтүүгө 15 миң 606 медициналык кызматкер тартылган, анын ичинде 3 миң 341 дарыгер, 6 миң 436 медайым, 2 миң 211 санитарка жана 3 миң 618 башка кызматкерлер.

Өскөмбаеванын маалыматына караганда, медицина кызматкерлерине кенемте төлөмүнүн жалпы суммасы 255 234 855 сомду түздү, анын ичинде:

— Бишкек шаарына – 118,9 млн сом;
— Ош шаары жана Ош облусуна – 38,1 млн сом;
— Баткен облусуна — 9,8 млн сом;
— Жалал-Абад облусуна –21,1 млн сом;
— Ысык-Көл облусуна – 17,0 млн сом;
— Нарын облусуна -6,6 млн сом;
— Талас облусуна — 5,9 млн сом;
— Чүй облусуна – 37,9 млн сом.
Бул каражаттар саламаттык сактоо уюмдарына ушул жуманын аягына чейин которулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button