Без рубрики

Түркиядагы суу ташкындоодон көз жумгандардын саны 38ге жетти

Түркиядагы суу ташкындоодон көз жумгандардын саны 38ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын айтымына таянып РИА Новости жазды.

Эске салсак, Түркиянын Кара деңиз жээги тарабында суу ташкындап, Синоп, Бартын, Карабүк жана Кастамону аймактарын сел каптап, топон суу жолдогунун баарын агызып кеткен.

«Буга чейин 31 бейтаптын каза болгону айтылган. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган селден жабыркаган Кастамону, Синоп жана Бартын провинцияларын табигый кырсыктардын зонасы деп жарыялаган. Селден Кастамону аймагында 32, ал эми Синопто алты адам мерт болгон», — деп айтылат маалыматта.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министри жаратылыш кырсыгынан 284 адам жабыркаганын кошумчалады. Буга чейин издөө-куткаруу иштери уланып жатканы маалым болуп, 1 700 адам эвакуацияланган. 300гө жакын калктуу конуш электр жарыгы жок калган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button