Коронавирус. 248 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза тапты
Кыргызстанда 21-августка карата коронавирус дагы 248 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:
Бишкек шаарында – 121,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 51,
Ош облусунда – 6,
Талас облусунда – 6,
Нарын облусунда – 9,
Ысык-Көл облусунда – 25,
Жалал-Абад облусунда – 13,
Баткен облусу — 16 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 492 адам илдеттен сакайып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 451 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 467 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 676 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 165 миң 860 киши айыгып чыкса, 2 миң 478 адам каза болду.