Окуялар

«Жөн гана айдап, кыздарга мактангысы келген». Автоунааларды айдай качкан караколдук жигит кармалды. ФОТО

Ысык-Көл ОИИБдин жана Каракол ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын из кубарлары, автоунааларды айдап качуу менен алектенген 31 жаштагы жергиликтүү тургунунун колго түшүрүштү.  Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси милициянын подполковниги, Сталбек Усубакунов билдирди.

17-июль күнү Каракол ШИИБне, ушул эле шаарынын тургунунан арыз түшүп, «Восход» кичи районунан белгисиз адамдар, үйүнүн жанынан токтотуп койгон «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген.  

Аталган кылмышты тез аранын ичинде ачуу максатында «Тосмо» операциясы киргизилип, шаардан чыгуучу жолдорго милициянын постору коюлган, ошондой эле чектеш шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар жөнөтүлгөн болучу. Көрүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, уурдалган автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылынан табылган. Бирок, кылмышка шектүү жаранды «изин суутпай» кармоого мүмкүнчүлүк болбой калган.

30-июль күнү, дагы бир Каракол шаарынын тургунуна тиешелүү болгон «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунааны айдап качуу фактысы «Восход» кичи районунан кайрадан кайталанып, автоунаа шаардын аймагында табылган. Бул жолу да, кылмышка тиешестиги бар жаран милиция кызматкерлеринен изин жазгырып кетүүгө үлгүргөн.

Автоунааларды айдап качуунун эки фактысы Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, жазык кодексинин 206 (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган кылмыштардын бетин жакынкы мезгилдин аралыгында ачуу максатында, атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына Ысык-Көл ОИИБдин, Каракол ШИИБдин жана КР ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККББнын такшалган жана тажрыйбалуу кызматкерлери тартылган болучу.    

Түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу тарабынан, Каракол шаарында жана көлдү айланган автожолдордо орнотулган байкоочу камералар дыкаттык менен изилденип чыккан. Кайрадан, жабырлануучулар жана күбөөлөр суралып, окуя болгон жерлер кылдаттык менен изилденип чыкты. Андан тышкары, ушундай кылмыштар менен соттолуп чыгышкан жарандардын арасында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлгөн.

Комплекстүү көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, жакында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү болгон жарандын изине чыгышып, аны кармоого жетишишти. Кылмышка шектүү болуп, Каракол шаарынын 31-жаштагы тургуну Т.У. болуп чыкты. Анын айтымында, автоунааларды уурдоого, жөн эле айдоо, ошондой эле автоунаа менен тааныш кыздарын сейилдөөтүү үчүн себеп болгон.

Шаардын сотунун чечими менен, кылмышка шектүү жаран, тергөөнүн жүрүшүндө «эч жака чыкпоо» тил катында калтырылды.  Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button