Дүйнө

«Талибан» Өзбекстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

“Талибан” кыймылынын өкүлү жана таанылбаган Ооганстан Ислам Эмиратынын сүйлөшүү тобунун мүчөсү Мухаммад Сухайль Шахин кыймылдын жетекчилигинин атынан Өзбекстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Бул тууралуу 1-сентябрда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Юсуп Кабулжанов билдирди.

“Боордош Өзбекстандын жетекчилигин жана элин Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Биз коңшу Өзбекстан менен жемиштүү жана достук мамилелерди түзүүнү каалайбыз”, — деп айтылат Өзбекстандын ТИМине жөнөтүлгөн куттуктоо катында.
Куттуктоодо ошондой эле талибтер Өзбекстандын катышуусу менен Ооганстанда темир жол жана электр берүү линияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экени белгиленген.

«Ооганстан Ислам Эмирлиги бул багытта өзбек өнөктөштөрүбүзгө бардык зарыл жардамды көрсөтөт», — деп айтылат куттуктоодо.

Буга чейин социалдык тармактардагы өзбек сегментинде талибтер ооган мектептеринде өзбек тилин окутууга тыюу салып, Алишер Навоинин эстеликтерин талкалаганы кабарланган.

Бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Юсуп Кабулжанов бул билдирүүлөрдү «чындыкка дал келбейт»,-  деп атап, аны тараткандарды сынга алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button