“Даңазалуу доор” сериалында Хюремди аткарган актриса Мерьем Узерли маалымат жыйын берүүдө

Бишкекке “Даӊазалуу доор” түрк сериалы аркылуу кеӊири таанылган белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли келди.

Ал азыр журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.

Ал бүгүн Бишкекте кино тармагындагы жаңы долбоордун ачылышына катышат. Маалыматка караганда, Аsian World Film Festival, Aitysh USA долбоорлору киносериалдар үчүн сыйлык берилерин жарыялашат. Сыйлык берүү аземи жыл сайын Стамбул шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, ММерием Үзерли  2019-жылы кинорежиссер Садык Шер-Нияз тарабынан уюштурулган Asian World Film Festival фестивалынын калыстар тобуна мүчө болгон.