Коом

УКМК киберкоопсуздукту чыңдоо үчүн Кореядан грант алат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Корея эл аралык кызматташтык агенттигинен (KOICA) Компьютердик инциденттерге ыкчам чара көрүү борборун (SOC) түзүү үчүн грант алат.

Атайын кызматтын расмий маалыматына караганда, бул долбоор өлкөнүн киберкоопсуздугун чыңдоого багытталган жана беш жылга (2021-2025) мерчемделген. Аны ишке ашыруу үчүн 5 миллион доллар бөлүнөт.

Кыргызстандын өкмөтүнүн жана күч органдарынын сайттарына 2013-жылы кибер чабуулдар болгон.

Быйыл 11-июлда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) сайтына 130 кибер чабуул аракети жасалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button