Камчыбек Досматов Ош шаардык мэриясына аппарат жетекчи болуп дайындалды

Камчыбек Досматов Ош шаарынын мэриясынын жаңы аппарат жетекчиси болуп дайындалды, буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-сентябрда жаңы аппарат жетекчиси Ош шаарынын мэриясынын эмгек жааматына тааныштырылды.

Камчыбек Досматов бул кызматка чейин Кыргыз Республикасынын Президенинин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп турган.

Жаңы дайындоо КРнын Президентинин 2021-жылдын 17-июнундагы №266 – “Кыргыз Республикасынын Президенинин администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо” жөнүндө жарлыгына ылайык ротациялоо тартибинде которулган.

Камчыбек Досматов 1988-жылы 21-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кенже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеп, бир топ тажрыйба топтогон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага болгон, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген.

Эки жогорку билимдин ээси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтынын 2-класстагы кеңешчиси.