Ысык-Көлдө эркек кишинин жансыз денеси суу жээктен табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.
Маалым болгондой, бүгүн эртең менен саат 07:19 чамасында Балыкчы шаарындагы кум жээктердин биринде суудан 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.