Жыл башынан бери Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өстү

Кыргызстанга 2021-жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен:

– профессионалдык ишмердүүлүк – 35,4%;

– Өндүрүш өнөр жайы – 35,4%;

– пайдалуу кендерди казуу – 22,5%;

– кайра иштетүүчү өнөр жайы – 19,3%.

«Өз кезегинде 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га түшкөн»,-деди ал.

Инвестициялар министринин орун басары төмөндөгудөй иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:

– соода-өнөр жай палатасын реформалоо;

– эркин экономикалык аймагынын концепциясы кайра каралууда;

– «Инвестициялык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча» токтому боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылууда;

– Инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо жана даярдоо институтун түзүү боюнча токтомдун долбоору иштелип чыкты жана макулдашылып жатат;

– инвестиция чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, макулдашылууда;

– КРда инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда.