Жапаров: «ЕБ — БА» биринчи Бишкек экономикалык форуму – Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө оң белги


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирет.

Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрына пландаштырылган «Европа бирлиги – Борбордук Азия» биринчи Бишкек экономикалык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Муктар Жумалиев президентке Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин (ЕБ) ортосундагы эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыгынын учурдагы өңүттөрү тууралуу маалымат берди.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанга келе турган ЕБ делегациясын Европа комиссиясынын экономикалык маселелери боюнча вице-президенти Валдис Домбровскис жетектейт. Биринчи экономикалык форум Европа бирлиги жана Борбор Азия үчүн жаңы экономикалык платформа болот. Муну менен ЕБ жогорку өкүлүнүн визити Европа бирлигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын жана экологиялык өнүгүү стратегиясы болгон – Европа жашыл келишими алкагында бизнести өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга дем берет.

Элчи бул ЕБ-БА биринчи экономикалык платформасы экенин, ал катышуучу-өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын чагылдырып жана бириктирерин эске салды. Иш-чара премьер-министрлер деңгээлинде өтөт. Евробирлик ЕБдин жашыл экономикалык өнүгүүгө өтүү боюнча стратегиясын ишке ашырууга 1 трлн евро багыттаарын билдирди. Буга байланыштуу кыргыз тарап алдыдагы форум алкагында ЕБ менен кызматташуу боюнча өзүнүн туруктуу экономикалык долбоорлорун сунуштай алат.

Ошондой эле Муктар Джумалиев форум алкагында сессиялар жана жашыл экономиканы калыбына келтирүү, ишкер чөйрөсүн жакшыртуу, санариптештирүү өңдүү темалар боюнча өзүнчө иш-чаралар, ошондой эле энергетика, финансы, туризм жана башка багыттар боюнча сессиялар болорун билдирди.

Президент Садыр Жапаров Европа бирлиги менен саясий жана экономикалык натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын алгылыктуу багыттарынын бири катары аныкталганын белгиледи. Евробирликтин Борбор Азияга болгон кызыгуусу өсүп жатканын белгилөө зарыл. Буга байланыштуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө, негизинен борборазиялык чөлкөм менен экономикалык багытта.
Мамлекет башчысы белгилегендей бул форумду Кыргызстан жана жалпы эле борборазия чөлкөмү менен кызматташууну кеңейтүүгө оң белги катары караса болот.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга алдын ала, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде жасоону тапшырды. Сапаттуу уюштуруучулук жана мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени бул экономикалык форум өлкө үчүн бизнес жана инвестиция тармагында ЕБ менен кызматташуунун эки тараптуу да, регионалдык деңгээлинде да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.