Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде Афганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Афганстан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.

«Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү болжонгус аскердик-саясий кырдаал чоң тынчсызданууну жаратууда жана ал тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Өз тарабыбыздан, биз биргелешкен ишти өз ара колдоо духунда улантууга даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Афганстандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди.

Ал биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи.