ИИМдин кызматкерлерине КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын сыйлыктары тапшырылды

2021-жылдын 16-сентябрь күнү ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын сыйлыктарын милиция кызматкерлерине тапшыруу аземи болуп өттү. Кызматында айырмаланган ички иштер органдарынын ар кайсы бөлүмдөрүнүн 10 кызматкерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан алкыш жарыяланып, баалуу белек «ээнчилүү саат» тапшырылды.

Сыйлангандар

Салтанаттуу иш-чарага министрликтин жетекчилери, борбордук аппараттын кызматкерлери катышты. Сыйлыкты ички иштер органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков тапшырды.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков сыйлык ээлерин алган сыйлыктары менен жылуу куттуктап, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кошкон салымдарын баса белгилеп, мындан ары дагы кызматында ийгиликтер көп болушун каалап өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы