Дүйнө

Дүйнө жүзүндөгү жаш балдар белгисиз вирус менен ооруй баштады

АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Япониянын дарыгерлер тобу дүйнө жүзү боюнча балдар дем алуу органдарынын ооруларын пайда кылган анча белгилүү эмес респиратордук синцитиалдык вирусту жапырт жуктура башташканын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рабия Ага ымыркайлар менен балдардын жаңы вирус жуктуруп алуу учурлары апрель айында болгондугун, анын кесепетинен кайра жандандыруу бөлүмдөрү дароо толуп калгандыгын билдирген.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, бул вируска чалдыккан балдардын көбүндө мурдунан суу агуу, сууктап жөтөлгөн сыяктуу болот. Бирок кээ бирлерде бронхиолит, өпкөнүн ылдый жагынын сезгениши пайда болушу мүмкүн.

Окумуштуулардын айтымында, бул вирустун жайылышына коронавирус пандемиясы таасирин тийгизген. Себеби карантиндик чаралардан улам балдардын вируска каршы иммунитети калыптанган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button