Туйгунаалы Абдраимов кантип байыганын коомчулукка айтып берди

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов мүлкү тууралуу маалымдаган УКМКга жооп кайтарды.
Ал мынча байлык кайдан чыгып калганына өзү да таң калып жатканын айткан»
Ооба, менин 39, 34, 31 жаштагы үч балам бар. Алар элиталык эмес жөнөкөй эле батирлерде жашашат, кымбат баалуу эмес, эски автоунааларды айдашат. Мунун Бишкектин жарымы билет. Айдоо жерлерин биз 1990-жылдары жер реформасы маалында жер үлүшү катары алганбыз. Жубайым батирге жана Көк-Жарда чакан үйгө ээлик кылат. Анын жер тилкесин 1995-жылы алганбыз. Ал эми менин конок үйүм жана мал сарайым (2005-жылдан бери) бар. Учурда Ысык-Ата курортуна реаблитациялык борбор куруп жатам. Ага инвесторлор каралашууда, өзүм 400 миң доллар кредит алгам, муну документтер менен тастыктап бере алам», — деп билдирди Абдраимов.
Ошондой эле ал өмүр бою бизнесте жүрүп, керек болсо Кытай, Иран, Түркия жана башка өлкөлөр менен соода кылганын белгиледи.
«Ооба, Ивановка айылындагы «Кайнар» ЖАКта акциям бар. 2000-жылдары досторум Россияга, АКШга туруктуу жашоо үчүн кетип жатканда (дээрлик тыйынга тете) сатып алгам. Муну айылдыктар билет. 2000-жылдан бери карай эсептегенде деле мен 10 жыл бизнесте, 10 жыл мамлекеттик кызматта жүрдүм. Мүлк, автоунаа, жер үлүштөрүн сатып алгам, кайра саткам. УКМК анын баарын мага таандык кылып көрсөтүп коюптур», — деди Абдраимов.
Белгилей кетсек, УКМК кечээ Абдраимовду мыйзамсыз баюу беренеси боюнча айыптап, бир нече мүлккө ээлик кыларын жарыялаган. Ал жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, «Ысык-Ата» курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаганын билдирген.
Туйгунаалы Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган болчу.



