Коронавирус. 72 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 22-сентябрга карата коронавирус 72 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 31,
Ош шаары – 1,
Чүй облусунда – 6,
Ош облусунда – 1,
Талас облусунда – 4,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 14,
Жалал-Абад облусунда – 4,
Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 100 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 542 бейтап, амбулатордук түрдө 862 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 941 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 469 киши айыгып чыкса, 2 миң 595 адам каза болду.