ИИМдин Жоруктар жөнүндө башкармалыгы Мамлекеттик тил күнүн белгилешти – ФОТО

Кыргыз Республикасынын Мамлекттик тили болуп эсептелинген Кыргыз тили 1989-жылдан бери 23-сентябрда мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кылым карыткан улуу тилди расмий түрдө Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамында кабыл алып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. Кыргыз тил күнүн белгилөө, аны мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдардын, анын ичинде Укук коргоо органдыры тарабынан бир катар иштер жүргүзүлүп келет. 

Буга байланыштуу, мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө Ички иштер министрлигинин Жоруктар жөнүндөгү башкармалыгы атайын чогулуш уюштуруп, кыргыз тили жана анын учурдагы абалы тууралуу баарлашуу болуп өттү.

Чогулуш учурунда ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыктын жетекчиси милициянын полковниги Сапар Аманкулов кыргыз тилдин тарыхына токтолуп, «Тил улуттук руханий куралы. Ал улуттун мүнөзүн билдирип, тарыхын чагылдырат. Канча деген карт тарыхты башынан өткөргөн кыргыз тили өз алдынча жана эркин экенин айткым келет. Мамлекеттик тил бул мамлекттеги улуттардын ортосундагы байланышуунун, пикир алышуунун куралы. Башка тилге аралаштырбай аны таза жана так колдонуп, келечек муунга өткөрүп беришибиз керек. Ошондуктан, бардык иш кагаздар, алынып барып жаткан иштердин бардыгы мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат» – деп баса белгиледи.