Коом

ИИМде БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын өкүлү менен жолугушуу өттү

2021-жылдын 23-сентябрында Ички иштер министрлигинин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Асел Шаршеева, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги  милициянын полковниги Нурбек Жангабылов катышышты.

Жолугушуу учурунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдиргендей, Кыргыз Республикасы БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө 1951-жылкы Конвенциясына жана анын 1969-жылкы Протоколуна 1996-жылы кошулган.

Качкындар маселеси коом үчүн көптөгөн суроолорду жаратат, алардын бири коопсуздукту камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен бирдикте качкын деп таанылган адамдарга коопсуздукту камсыз кылуу, алардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындан аркы кызматташууга чоң маани берет жана биздин ыйгарым укуктарыбыздын чегинде бардык жардамдарды көрсөтүүгө даярдыгын ишендирди.

Тараптардын пикири боюнча жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button