Коом

Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери мамлекетке 1 млн сом зыян келтирген

Баткен облусунун Лейлек райондук прокуратурасы аталган райондун суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтиргендигин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, аталган башкармалыктын кызмат адамдары атайын техника үчүн тетиктерди сатып алуу жана кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн тендердин жүрүшүндө, мыйзам талаптарын бузуу менен жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкандыгынын натыйжасында, мамлекеттке 151 миң 491 сом зыян келтирилген.

Мындан сырткары, алар 854 миң 401 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Райондук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 1 млн 5 миң 892 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button