“Шамбала” тасмасы Кыргызстандын атынан “Оскарга” көрсөтүлдү

Кыргызстандын Оскар комитети 2021-жылы 18-сентябрдагы жыйынында режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасын Америкалык кинематографиялык искусство жана илимдер академиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Оскар комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма “Эң мыкты эл аралык көркөм тасма” наамына көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, аталган тасма Чынгыз Айтматовдун “Ак-кеме” повестинин негизинде тартылган. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2020-жылы Шанхайдагы эл аралык фестивалда өткөн. Ушул жылдын 25-апрелинде тасма Балтика, Грузия жана КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты тасма үчүн “Ника – 2020” сыйлыгын жеңип алган.

Учурда чет мамлекеттер комитети сыйлыктын узун тизмесине талапкерлерди тандап жатышат, андан кийин академиянын тизмесин киноакадемиянын атайын калыстары аныктайт. 2021-жылдагы кино жетишкендиктери үчүн 94-Оскар сыйлыгы 2022-жылдын 27-мартында Лос-Анжелестеги “Долби” театрында өтөт.