“Акыркы көч” көркөм тасмасы Португалияда эки сыйлыкка татыды

“Акыркы көч” көркөм тасмасы Португалияда өткөн “Arouca Film Festival” кинофестивалында бир эле убакта эки сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тасма “Эң мыкты тасма” жана “Эң мыкты сценарий” номинацияларын жеңип алган.

Сценарийин жазгандар жана кинорежиссёрлор Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.

Тасмада Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Омурзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова сыяктуу актёрлор роль жараткан.