Коом

Өлкөдө ноябрдын аягында коронавирустун 4-толкуну күтүлүп жатат — Бейшеналиев

Кыргыз өлкөсүндө коронавирус менен ооруган бейтаптардын 70 пайызында индиялык дельта штаммы катталып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымына ылайык, азыркы учурда эң эле коркунучтуусу нигер мутация болгон түрү чыкты. Бул делта штаммдарына салыштырмалуу абдан агрессивдүү экен.

«Ошого дагы биз даярбыз. Экинчиден азыркы кезде 3 жарым миллион вакцинаны алдык. Биринчи доза менен 38 пайыз калк эмдөө алды. Экинчи дозасы менен 28 пайызы алды», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле коронавирус илдетинен дарылануу үчүн бардык стационарларда дары-дармектер, ИВЛ аппараттары даяр экендигин кошумчалап өттү.

«Былтыр оору күчөп жаткан чакта эл жеке унаалары менен бейтаптарды ташыган болсо, азыркы учурда аймактарда «Тез жардам» унаалары менен 95 пайыз камсыз болду. Бизде коронавирустун 4-толкуну ноябрдын аягы декабрдын башында болот деп жатат. Төртүнчү толкунду жеңил өтүп кетебиз«, — деп кошумчалады министр.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button