Кыргызстандын эң мыкты мугалимдери аныкталды

Мугалимдер күнүнө карата “Эң мыкты мугалим” жана “Эң мыкты тарбиячы” республикалык сынактарынын жыйынтыгы чыгарылды.

“Жылдын эң мыкты тарбиячысы” наамын Ош шаарындагы №61 балдар бакчасынын кызматкери Маргарита Нагаева алды. Ага 100 миң сом жана Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо берилди.

Экинчи орунду Нарындан келген Сюита Басылбекова ээлеп, 80 миң сом менен сыйланды. Үчүнчү орунду алган ысыккөлдүк Любовь Саратовага 60 миң сом ыйгарылды.

“Жылдын эң мыкты мугалими” сынагында Ош шаарындагы №53 мектептин кыргыз тили жана адабиятынан окуткан Илгиз Шамырзаев жеңди. Ага да 100 миң сом жана Ысык-Көлгө эс алуу үчүн жолдомо берилди. Экинчи орунга Баткенден Бактыгүл Сагыналы кызы, үчүнчү орунга Бишкектен Гүлзат Жапарова татыктуу болушту. Алар 80 миң жана 60 миң сомдон сый акы алышты.

Ошондой эле, мектепте 30 жылдан ашуун иштеген 10 мугалимге “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси тапшырылды.

Кыргызстанда мугалимдер жана кесипкөй билим берүүчүлөрдүн күнү мурда октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кандай даталарга туш келген.

ЮНЕСКО 5-октябрды – Мугалимдер күнү деп бекитип, 1994-жылдан бери бул дата Мугалимдер бүткүл дүйнөлүк күнү катары 100дөн ашык өлкөдө майрамдалат. Кыргызстанда бул күн 2014-жылдан бери 5-октябрда белгиленет.