Спорт

Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады. Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү.

Финалга чыкчу кармашууда Жуманазарова Россиядан келген Ханум Велиевага каршы чыкты. Биринин артынан бири упай топтоп келе жатып, россиялык спортчу алдыга озуп кетти. Бирок акыркы мүнөттөрдө Жуманазарова чамданып, жеңишти илип кетти.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button