Дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташы 40 жылдан бери рекорд койду

Бир жыл ичинде тамак-ашка болгон дүйнөлүк баанын индекси 27 пайызга өстү. Бул акыркы 40 жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч экенин INFOLine маалыматтык-аналитикалык агенттигинин башкы директору Иван Федяков билдиргенин Ura.ru басылмасы жазды. 

Ал тамак-аштын баасы гана эмес, азык-түлүктүн бардык түрүнүн наркы көтөрүлгөнүн белгилеген.

“Жашылча-жемиш, тамак-аш, сүт азыктары эле кымбаттабастан, тоют, жер семирткичтердин да наркы өстү”, — деди эксперт.

Аналитик кардарлардын мүмкүнчүлүгү чексиз эмес экенин айтып, кайсы бир учурда баалар андан ары өсө албай турган учур келерин кошумчалаган.