Спорт

Жапаров Мээрим менен Айперини Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады

ПрезидентСадыр Жапаров Мээрим Жуманазаров менен Айпери Медет кызын Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

Президент соцтармактагы баракчасы аркылуу куттуктоо сөзүн жазды. “Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң. Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды. Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар. Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык”, — деп жазат өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы (кыз-келиндер арасында) коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан Дүйнө чемпионатына жалпы 15 балбан аттанган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button