Окуялар

Түркияда кыргыз келинин кайнатасы өлтүрүп, мүчөлөргө ажыратып салган. ФОТО

Түркияда кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүргөн деп кайнатасы шектелип кармалды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 65 жаштагы Фехми Адсыз аттуу киши өзүнүн Кыргыз өлкөлүк 31 жаштагы келини Аят менен урушуп кеткен. Окуя болгон күнү келиндин күйөөсү үйдө болгон эмес. Каргашалуу окуя Текирдаг шаарында болгон. Келин эки баланы тарбиялап келгени маалым болду.

Фехми менен Аяттын ортосундагы оозеки жаңжал мушташка айланып, жыйынтыгында эркек кыргыз келинди бычактап өлтүргөн. Келининин сөөгүн жашыруу үчүн аны бөлүктөргө бөлүп, анын бир бөлүгүн таштанды челегине ыргытып, экинчисин сандыкка жашырган.

Бул убакта өлтүрүлгөн аялдын кайненеси үйүнө кайтып келген. Эмне болгонун көрүп, ал кошуналарына жардам сурап кайрылган, алар өз кезегинде полиция чакырышкан.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button