Бир суткада коронавирус үч кишинин өмүрүн алды. Статистика

Өткөн суткада 91 адамдан коронавирус табылып, 87 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир суткада вирус жуктургандар:

  • Бишкек – 57;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 2.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 583кө жетти. Анын ичинен 174 407 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталып жатат. Кечээтен бери коронавирус үч бейтаптын өмүрүн алган. Муну менен коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 2 627 болду.

Азыркы тапта стационарда 455, ал эми амбулатордук шартта 596 адам дарыланып жатканы айтылды.