Коом

98 адам коронавирус жуктуруп, эки бейтап каза тапты.Статистика

Кыргызстанда 15-октябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде аймактар  боюнча:

Бишкек шаарында – 74,
Чүй облусунда – 11,
Талас облусунда — 2,
Ысык-Көл облусунда – 9,
Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 576 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 681 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 501 киши айыгып чыкса, 2 миң 629 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button