Оштун брендин иштеп чыгууга сынак жүрүүдө. Шарттары

Учурда Ош шаарынын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн “Ош – Silk Road Provider” деп аталган сынак жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Баарыныздарды аталган конкурска активдүү катышууга чакырабыз!

Сынактын шарттары:

1. Сынакка КРнын резиденттери жана резиденттери болбогон юридикалык жана жеке жактар катышууга укуктуу;

2. Жашы чектелбейт;

3. Даяр болгон иштерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 1-ноябрь күнү, саат 18:00гө чейин;

4. Визуалдаштыруу конкурсуна катышуу үчүн жиберилген иштер JPEG форматында болушу керек;

5. Oш брендин визуалдаштыруу боюнча сунуштар чексиз болушу мүмкүн. Сынактын бир нече катышуучулары бир эле эскиздерди жөнөткөн учурда, жеңүүчү төмөндөгү электрондук дарекке келип түшкөн күнү жана убактысы боюнча аныкталат;

6. Техникалык тапшырманы алуу үчүн сиз толук аты-жөнүңүздү, байланыш телефондорун жана “Техникалык тапшырма” деген жазууну камтыган суроо-талапты e-mail: maksatchaki@mail.ru жөнөтүшүңүз керек;

7. Иштелип чыккан дизайн эскиздери толук аты-жөнү жана “Ош шаарынын бренди” белгиси менен төмөнкү e-mailге жөнөтүлүшү керек: maksatchaki @mail.ru;

8. Сынакка жөнөтүлгөн иштер рецензияланбайт жана кайтарылбайт;

9. Жеңүүчүлөрдүн иштери, алар менен автордук келишим түзүлгөндөн кийин Ош шаарынын мэриясынын менчиги болуп калат;

10. Жеңүүчүлөр өз иштерин Комиссиянын талабы боюнча төмөнкү форматтарда тапшырышы керек: Corel Draw, JPEG, PDF;

11. Сынактын жеңүүчүлөрү төмөндөгүдөй сыйлыктарга ээ болушат:

1 -орун – 100 000 сом. 2 -орун – 50 000 сом;

12. Конкурстун катышуучуларынан дизайн эскиздерин кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2021-жылдын 1-ноябры, саат 18-00гө чейин;

Белгиленгендей, сынактын жыйынтыгын чыгаруу 2021-жылдын 5-ноябрына чейин жүргүзүлөт жана конкурстун шарттарына байланыштуу бардык суроолор боюнча, maksatchaki @mail.ru электрондук дарегине кайрылууга болот.