Саясат

Кайрат Кошбаков Баткендеги чек арадагы айылдарды өнүктүрүү боюнча президенттин атайын өкүлү болду

Кошбаков Кайрат Зулпукарович Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге 12-октябрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин аталган кызматта Мамыржан Рахимов иштеп жаткан.

К.Кошбаков 1986-жылы 3-февралда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинде билим алган.

Эмгек жолу:

— 2006-2009-жылдары «Юг-Риелт» (Ош шаары) ишканасында кыймылсыз мүлк боюнча агент;

— 2009-2010-жылдары «Trimex» (Ош шаары) ЖЧКда айдоочу-экспедитор;

— 2011-2013-жылдары «Arabian Oryx Travel & Tourism» (Дубай, БАЭ) компаниясында туристтерди тартуу боюнча менеджер;

— 2011-2014-жылдары «Damac Proprties LLC» (Дубай, БАЭ) компаниясында кыймылсыз мүлк боюнча агент;

— 2013-2015-жылдары «Greenline Marina Cargo LLC» (Дубай, БАЭ) логистикалык компаниясында менеджер;

— 2018-2019-жылдары «Nation Migration International» борборунда бизнес өнөктөш, иммиграциялык агент;

— 2015-2020-жылдары «Зейн-Кейджи» кадр агенттигинин негиздөөчүсү, башкы директору;

— 2020-жылдын 1-апрелинен 2020-жылдын 30-июнуна чейин Бишкек мэриясынын жер ресурстары башкармалыгында башкы адис.

Кыргыз, англис, араб, орус, өзбек, казак тилдерин билет. Үй-бүлөлүү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button