Коом

Коронавирус. Акыркы суткада 68 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 1-ноябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 44, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 70 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында 1бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 709 бейтап, амбулатордук түрдө 707 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 716 киши айыгып чыкса, 2 672 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button