Коом

Шайлоо өнөктүгүнө кайсы партия эң көп каражат сарптаганы айтылды

Парламенттик шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 120,2 миллион сом түштү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам ченемдерине ылайык партиялар каражатты төмөнкү булактардан гана алууга укуктуу:

  • Талапкердин өз каражаты — 1,5 миллион сомго чейин;
  • Саясий партиянын өз каражаты — 100 миллион сомго чейин;
  • Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу — 200 миң сомго чейин;
  • Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу — 3 миллион сомго чейин;
  • Шайлоо фондунун жалпы суммасы 300 миллион сомдон ашпашы керек.

Жогорку Кеңештин депутаты мандаты үчүн 21 саясий партия ат салышууда. БШК шайлоо фонддоруна түшкөн каражаттар жана алардын чыгымы тууралуу маалымат берди.


Шайлоо өнөктүгүнө көп каражат жумшап жаткандардын алдыңкы үчтүгүнө «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Альянс» партиялары кирди.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button