Ырчы Иса Өмүркулов кафеде чыр чыгарганы айтылды

Ырчы Иса Өмүркулов Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эсеп төлөбөй койгон деген маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ырчы таң эрте кафеге келип, коңшу столдо отурган кыздардын эсебин төлөп берүүнү убада кылган. Кыздар ырчы төлөйт деп кафеден кетишкен соң Өмүркулов өз эсебин төлөп, бирок кыздардын акчасын төлөөдөн баш тарткан. Жыйынтыгында ал Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгендиги жазылган.

Бул боюнча аталган кафенин администрациясына байланышканыбызда маселе жөнгө салынганын айтып, башка комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми Октябрь РИИБинен маалыматты тактап жатышкандыгын айтышты.