ВИДЕО: Христиандар көрүстөнүн мазактоо фактысы болдубу? Ысык-Көл ОИИБдин жообу

24-ноябрь күнү, «24.kg» маалымат агенттигинин «Агент 024» рубрикасында, Чолпон-Ата шаарындагы христиандар көрүстөнүн белгисиз адамдар мазактап кетишкендиги жөнүндө маалымат жарыяланган.

Ысык-Көл райондук милициясынан билдиргендей, аталган факты боюнча эч ким арыз менен буга чейин кайрылган эмес. Ал эми, жарыяланган маалымат боюнча жагдайларды аныктоо үчүн, материалдар Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылган, анткени жарыяланган маалыматтагы христиандар көрүстөнү Бактуу-Долоноту айылынын түндүк – батыш тарабында орун алган.

Окуя болгон жерге барышкан тергөө-ыкчам тобу, айрым маркумдардын жайында орнотулган эстеликтер, жерге кулап калгандарын жана анын жанында бодо малдардын издери гана бар экенин аныкташкан. Кароо жүргүзү учурунда, көрүстөн атайын тосмо менен тосулбагандыктан, малдардын ээн-эркин жайылышына орун берилген. Көрүстөнгө жакын турган айылдыктарды сураштырганда, 19-ноябрь күнү катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын да учуруп кеткендигин билдиришкен.

Бостери айыл аймагынын берген маалыматы боюнча, христиандар көрүстөнүнүн тегерегин тосмолор менен бекитүү маселеси жакында айылдык кеңешинде каралып, жакынкы арада бул көйгөй чечилмекчи.

Бостери айыл аймагынын башчысы

Бардык чогулган материалдар, Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналында катталып, Жоруктар жөнүндө кодексинин 131 (Өлгөн адамдын денесин жана анын мүрзөсүн мазактоо) беренеси менен каралмакчы.

 Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы