Коом
Жогорку Кеңеш Жээнбеков менен Зулпукаровду кол тийбестиктен ажыратууну карайт

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, кесиптештери Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кол тийбестигинен ажыратууну карайт. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентке депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунуштамасын жөнөткөн.
Бүгүнкү кезексиз жыйында эл өкүлдөрү аталган сунуштаманы кароо үчүн депутаттык комиссия түзөрү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында «Кумтөр» долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагында.



