Коом

Эки миллион сомдон ашык үйүр жылкылары бар. Ош мэри Алмаз Мамбетовдун декларациядагы байлыктары

Салык кызматы Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун 2020-жылга карата киреше-чыгашасы тууралуу тапшырган декларациясын жарыялады.

Калаа башчысы былтыр 174 миң сом иштеп тапкан, чыгашасы тууралуу жазган эмес. Chevrolet Avalanche жана Mercedes-Benz 350 үлгүсүндөгү эки автоунаасы бар. Ал эми кармаган жылкылары 2 миллион 450 миң сомго бааланат. Өзүнө таандык турак жай жок.

Ал эми жакын туугандарынын атында бир нече мүлк катталган. Алар төмөнкүлөр:

  • Турак жай — аянты 160,8 чарчы метр;
  • Гараж — аянты 19,8 чарчы метр;
  • Жер тилке — 10 сотых;
  • Жер тилке — 40 сотых;
  • Айыл чарба багытындагы жер тилке — 5 гектар;
  • Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаа;
  • ОДАЗ чиркегичи.

Мэрдин жакын туугандары бир жылда 617 миң сом иштеп тапкан.

Алмаз Мамбетов былтыр октябрь окуясынан кийин КР президенти жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Андан кийин мэрлик кызматка которулуп, 2021-жылдын июль айынан бери Ош шаарын башкарып келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button