Спорт
Кылычбек Сарбагишев Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп шайланды

Кылычбек Сарбагишев Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Кылычбек Сарбагишев 43 жашта, эки жогорку билими бар: эл аралык мамилелер боюнча жана юриспруденция.
Мындан сырткары, волейбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери (1997-жыл), өлкөнүн мыкты волейболчусу (2009-жыл).
Эскерте кетсек, Бишкекте 10-декабрда Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоо өтүп, Садыр Маматов жеңген.



